Келишим менен иштеген аскер кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулады

9 августа 2018 22:00 1613 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Келишим шарты менен иштеген аскерлер кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулады. Бул тууралүү өкмөттүн маалымат саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Белгилүү болгондой, өкмөттүн тиешелүү токтомуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгиленген чечим аркылуу келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин (катардагы, сержанттык жана улук курамдын) айлык маянасы пайыздык катышта 30 пайызга көтөрүлдү.

Бул чечим аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуу деңгээлин жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максаттарында кабыл алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/kelishim-menen-ishtegen-asker-kyzmatkerlerinin-ajlyk-mayanasy-zhogorulady



Добавить комментарий