Келиндин сыры: Турмуш куруп, балалуу болуп калганда башканы сүйүп калуу, тирүүнүн тозогу экен

22 марта 2022 11:15 5215 Barometr
Поделиться в:
ok

“Барометрге”  ичиндеги айтылбаган сырын, оргуштаган бугун, кат аркылуу жөнөткөн окурмандарыбыз арбын. Бул жолу да аяшы менен болгон арзуусун айтып, агынан жарылган келиндин баянын сунуштайбыз.

“Турмуш куруп, балдардын энеси болуп,  барган жеримде барк күтүп, баары түзүлгѳн кезде жашоомдо өзгөрүүлөр болорун ойлогон эмесмин. Келиндик түйшүктүн ачуу-татуусуна чыдап, барган жеримдин кебин сүйлөп, көпөлөктөй күйпөлөктөсөм деле жакпадым. Мындан ары да чыдап, ѳмүрүм ѳткѳнчѳ макул болуп жашай берет элем. Эгер кѳңүлүмдү гүлдѳтѳр бир жакшы адамдын жакшы мамилеси болбогондо.   

Барчылык деле адамды бактылуу кыла албай тура. Турмуш кургандан чай-нанга акча жетпей кыйналуу деген бизде болгон жок. Бирок, баары даяр болгонгобу күйөөм ичкич болуп, аракка берилип кетти. Аялым бар эле деп, көңүл буруп, жылуу сөзүн айтып койоюн дебей калды. Мурдагыдай ѳзүн карабай, балдарын ойлобой калды. Мага кылган мамилеси тууралуу айткым да келбейт. Эптеп эле балдар үчүн жашап калдым.

Менин акыбалымды түшүнүп, колдой турган адамды издеп калат экенсиң

Ошондой түйшүктүү күндөрдүн биринде, аяшым келип акыбалымды сурап, бир аз да болсо көңүлүмдү жубатып кетти. Ошол күндөн баштап мен аяшымдан жылуулук күтүп калчу болдум. Көгөн жерден башымды жөлөп, эркелеп, болгон бугумду айта ыйлап алгым келет. Бирок, анте албайм. Тушалган аттай артка кылчактайм. Аялын, балдарын ойлойм.

Менин көз карашыман сездиби, айтоор, ал да мага жан тарта бат-баттан телефон аркылуу да ал-акыбалымды сурап турчу болду. Мындайды кудай бербеспи мен анын чалууларын күтчү болдум.

Аяшымдын арзуусу жана арманы

Бир жолку шеринеге жалгыз келди. Аялы төркүнүнө тойго кеткен экен. Отурушубуз кадимки нугунда өтүп, ырдап да, сырдашып да, эркектерибиз ичип да жетишишти. Ошол маалда күйөөм экөөбүз баягы эле арактын айынан араздашып, конокко араң келген элек. Ал мага өчөшкөн киши болуп, ашыгы менен ичип, турбай калганча мас болду. Кетерге келгенде «соолукканда жеткирип коёбуз» деп балдар аны жаткан жеринде жөн коюшту. Үйгө сүйрөп жеткириш бир азап, мен да жөн койдум да, барып тынч эс алууну ойлодум. Конок болуп барган үйдөн үйүбүз алыс эле. Ар ким өз жолу менен кетип отуруп мени аяшым жеткирип коймок болду. Экөөбүз бир аз баскан соң колумдан алып өзүн колтуктатып алды.

Анан мен күтпөгөн сөздөрдү айтып таң калтырды.  "Сендей аялды кор кылган эриңе да жаза бардыр. Сени аяп жүрүп сүйүп каларымды ойлогон эмесмин. Айла гана жок, сенде төрт бала, менде беш бала. Ошолор үчүн жашайбыз. Бирок мен сени ар дайым оюмда багып, сага санаамды бөлүп жүргөнүмдү бир эске алып кой. Күйөөң эми оңго бурулуп оңолбойт окшойт. Андай болсо да сен ден-соолугуңду, өзүңдү карап жаша. Балдарыңа, мага керексиң. Мен сага азыр эч нерсе кыла албастырмын, бирок сен үчүн бир жакшылык кылууну дайыма ойлоп келем. Бир күнү ага да жетербиз", -деди.          

Ишенсеңиздер, ал күнү аяшым жүзүмдөн да сүйүп койбой, жакшы кептери менен гана кош айтышып узап кетти. Үйгө кирип бутумду чечип жатсам «ичип алганым үчүн кечирип кой» деген кат келди. Ошондон ыңгайсыз болгонун билип, ичкен адамдан адам жийиркенерин түшүнгөнүнө ушунчалык ыраазы болдум. 

Бирок,  биздин мамилебиз жолуккан жерде,  дасторкон үстүндө бири-бирибизди үнсүз тиктеп сүйлөшүп келебиз. Көздөр сүйлөшөрүн мурда билчү эмесмин. Биздин бул мамиле канчакыга чейин, кандай уланат, ким билсин? Башкысы, азыр мени шыктандырып, жылмайтып, жакшы ойлорго жетелеп жүргөн ушул сезимдерге ыраазымын.

Үй-бүлө очогун буза албай, аруу сезимибизди курмандыкка чалып жүргөнүбүз мени кыйнайт. Күйөөм кишидей болуп, аял катары аяп жашаса балким, башка бирөөгө болгон сүйүүм ойгонбойт беле? Орто жашка келип калганда келген сүйүү тозок тура. Жан дүйнөң алып-учуп, өзүңдү койорго жер таппай алдастагандан бөлөк эч нерсе кыла албайт экенсиң. Сүйгөнүңдүн кучагына эреркеп, эркелей албайт экенсиң. Эл-журтту, бала-чаканы, жамандыр-жакшыдыр бала кезде баш кошкон жолдошуңду ойлойт экенсиң”, -деп сөзүн аяктады келин.

Ссылка: https://barometr.kg/kelindin-syry-turmush-kurup-balaluu-bolup-kalganda-bashkany-sjp-kaluu-tirnn-tozogu-eken



Добавить комментарий