Ырчы: "Дордой" базарынын чет жагындагы жолдон чоң машина жаш баланы ыргыта сүздү

19 ноября 2019 09:05 19027 3 Barometr
Поделиться в:
ok

Дордой базары жактан кетип бара жатышып тыгын жолдон жаш баланы чоң машина сүзүп кеткен кырсыкка күбө болгонун Кеңеш тобунун ырчысы Гулмира өздүк баракчасына бөлүштү.

"Бүгүн Дордой базарынын чет жагындагы жол менен унаалар тизилип (пробка), биринин артынан бири келе жатышты, биз дагы элден калбай бара жаттык. Бизге каршылаш жолдо унаалар аз болчу, бир убакта кичинекей бир бала жүгүрүп чыга калды, чоң машина баланы ыргыта сүздү, жерге жыгылып түшсө дагы мейли эле жолдун четинде турган цементтелген ташты сүзүп, көтөрүлүп барып жерге түштү, баары бир мүнөттө болду. Машинадан түшө калып эле жүгүрдүм, кантип жеткенимди билбей калдым. Баланы кучактап эмне кылаарымды билбей элден жардам сурадым, баланын чекесинен кан агып жатты, бетинин баары канга боелуп калды. Эстеген сайын ыйлап жатамын. Айдоочу түшө калып эле, өзү жүгүрүп чыга калбадыбы деп өзүн жоготуп туруп калды. Бала болсо "Дордой -2" конушунда 2-көчөдө жашайм апам чакыргылачы деп бакырып ыйлап жатты, чекесинен кан токтобой агып жатты. Тез жардам чакырабыз деп туруп калышты эле байке жакын жерге медпункт болсо алып барып канды токтотуңуз деп, баланы машинага салдык, алар кетип калышты! Эмнеге кошулуп барбадым? Эмнеге кучактап боорума кысып апасы келгенче жанында болбодум деп, өзүмдү өзүм жеп, ыйлап отурамын. Аллахым сактасын кичинекей аман болсо экен. Байкуш айдоочуну күнөөлөшөт эми ата-энеси. Бирок бул кырсык. Айдоочунун кымындай дагы күнөөсү жок!!! Бул нерсени жазып эмнени айткым келди, баарыбызда жашоонун түйшүгү бар, кээде балдарыбызга убактыбыз болбой калат, жашоодогу байлыктарыбыз балдарыбызга аз болсо дагы убакыт бөлүп, жол эрежелерин түшүндүрсөк, көбүрөөк көңүл бурсак деп, балким акылдуу болуп бирөөгө акыл айтып жатамын, бирок мындайды эч кимдин башына салбасын. Балдарыбыз бактыбызга аман болушсунчу. Аллахым кичинекейди сактасын, жакшы болуп кетсин, дуба кылып коюңуздар. Жүрөгүм эзилип ыйлап-ыйлап алдым. Кудайдан жакшыдыкты ҮМҮТ кылам", - деп кайгырып жатканын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/keesh-tobu-dordoj-bazary-zholdon-kyrsykta-balany-kuchaktap-emne-kylaarymdy-bilbej-elden-zhardam-suradym-balanyn-chekesinen-kan-agyp-zhatt



Добавить комментарий