"Айыл банк" менен "РСК банк" "Элкарт" менен пенсия жана жөлөкпул алгандардан комиссия албайт
«Айыл банк» ААК жана «РСК банк» ААК пенсионерлердин жана мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүнүн улуттук тутуму бюнча акчалай каражаттарды алуусу учурунда алардын картасы боюнча комиссиялык төлөмдөрдү албайт. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Аталган норма Кыргыз Республикасынын аймагында оротулган өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими учурунда иштейт.
Ошентип, «Айыл банк» жана «РСК Банк» ААКтын терминалдары боюнча «Кыргыз почтасынын» бөлүмдөрү аркылуу пенсия берүүдө комиссиялык төлөм алынбайт.
Алыскы калктуу конуштарда жайгашкан шаймандарды кайрадан оңдоо үчүн убакыт талап кылынгандыктан, айрым учурда комиссиялык төлөм алынышы мүмкүн. Төлөм автоматтык түрдө алынса, комиссиянын суммасы мүмкүн болушунча тез арада кайрадан кардардын эсебине түшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/keebir-tlm-karttaryn-pajdalanuuda-pensionerlerdin-komissiyalyk-tlm-alynbajt
Добавить комментарий ×