Кедейчиликке болгон адаттар

8 февраля 2022 12:31 5717 Barometr
Поделиться в:
ok

Кедейчиликке болгон адаттардын бири- бул өзүңүзгө өзүңүз бооруңуз ооруп, турмуштагы айрым ийгиликсиз нерселер үчүн жан кейитесиз. Маселен, сиз каалагандай кирешенин жоктугу, туура эмес адистикти тандап алуу, жашаган батириңиз жакпайт, аба- ырайы сиз каалагандай эмес, дүкөнчү сизге жакшы мамиле жасаган жок. Бул тууралуу психологдордун сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

 Ушул сыяктуу майда- барат жагдайлардын бардыгына ашкере көңүл буруп, ага кейип, өзүңүздү ийгилик жарата албаган адам деп эсептей баштайсыз. Ал эми, өзүн өзү көп аяган адамдын чөйрөсүндөгүлөрдүн ага карата боор оору сезими бат жоголот. Андыктан бул сапаттан эртерээк арылууга бел байлаңыз.

Жакпаган жумуш менен алектенүү

Психолог адистеринин айтымдарында, өзүнө жакпаган жумуш менен алектенгендер ийгиликсиздикке жана кедейчиликке калыптанып калган. Өзүңүзгө жакпаган иш болсо мойнунан байлаган иттей болуп, бардык нерсени көңүлсүз жасайсыз, натыйжада ийгиликке жетишпейсиз жана кедейчиликтен арыла албайсыз.ошндуктан озүңүзгө жаккан иш менен алектенип, жигердүү иштеп, жетишээрлик маяна алып, кедейчиликти алыс кууп жибериңиз.

Жакындардан алыстоо

Ийгилик жарата албаган, чөнтөгү жука адамдар тууган- туушкандарынан алыс болгондор. Маселен, аларга сиз биринчи телефон чалып ал- акыбалдарын сурабайсыз, аткени сизде эмне үчүн мага алар чалышпайт деген сокур түшүнүк бар. Туугандар менен бирдиктүү болуу бул эң жакшы сапат. Сиздин башыңызга кыйынчылык түшкөндө алар сөзсүз жардамга келишет.

Бардык нерсени акча менен бааланбайт

Бир гана кедейчиликке калыптанып калган адам гана бакыттын баары акчада деп ойлойт. Буга далил, социолог адистерининин сурамжылоосуна ылайык, кедейчиликке калыптанып калган адамга бакытты байлыкка салыштырат.


Ссылка: https://barometr.kg/kedejchilikke-bolgon-adattar



Добавить комментарий