Баткендеги сел турак үйлөрдү каптап, 18 бодо мал агып кетти (Сүрөт)

13 июля 2020 10:45 1575 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткендеги сел турак үйлөрдү каптап, ички чарбачылык жолдорду жууп, 18 бодо малды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 12-июль күнү саат 15:00 чамасында Лейлек районунда кыска мөөнөттүү жамгыр жааган. Анын  кесепетинен Исфана шаарындагы 3 турак үйдүн ичине, жер төлөөсүнө, короолоруна сел суулары кирген. Раухана тилкесинде 18 бодо малды агызып, Чимген, Мурза-Патча жана Бешбала айылындагы каналдардын жээктерин сел суулары жууп кеткен. Таза суу түтүкчөлөрүнүн башкы суу бөлүштүргүчүнө да сел суулары кирген. Чымген айылында жолго орнотулган 6 даана түтүкчө агып кетти.

Тогуз-Булак айылындагы каналдын жээктерин жана Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн тосмолорун сел суулары агызды.

Ошол эле күнү Баткен районуна караштуу Кыштут айыл аймагындагы коктулардан келген суулар 7 турак үйдүн ичине жана короолоруна сел суулары кирген. Ички чарбалык көпүрөнү, Газ, Согмент айылдарындагы унаа жолдорунун ар жерин сел суулары жууп кеткен.

Тазалоо иштерине ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын куткаруучулары тартылды.

Жеринде тактоо жана кырсыктын кесепетин жоюу иш-чаралары жүргүзүлүп, бүгүн да бул иштер улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/kechee-batkende-lejlekte-sel-zhrd



Добавить комментарий