Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын экинчи күнүндө Казакстан көп медаль менен алдыга чыкты

4 сентября 2018 12:15 1282 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө өтүп жаткан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын экинчи күнүндө Казакстандын спортчулары эң көп медаль утуп алдыда келе жатат.  

Учурда коңшу өлкөнүн капчыгында 7 алтын, 7 күмүш жана 5 коло бар. Андан кийинки сапта 5 алтын, 5 күмүш жана 8 колосу менен Кыргызстан келе жатат. Үчүнчү орундагы Түркмөнстандын спортчулары 5 алтын, 2 күмүш, 5 коло камсыздаган. 

Маалымат катары айта кетсек, спорттук мелдештерге катышуу үчүн 82 мамлекет электрондук каттоодон өткөн. Учурда 70 мамлекеттин (Россиянын 11 субъектиси) 1800 спортчусу күч сынашууда. Айрым өлкөнүн спортчулары мелдешке чыга турган күнүнө туштап келип жатышат. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Оюнчулардын саны боюнча Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан сап башында турат. 

Көчмөндөр оюндарында жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247. Байге фонду 28 миллион сомду түздү. 

Ссылка: https://barometr.kg/kchmndrdn-djnlk-iii-oyundarynyn-ekinchi-knnd-kazakstan-kp-medal-menen-aldyga-chykty



Добавить комментарий