Кѳчмѳндѳр оюнуна Таластагы иподром даярбы?

16 сентября 2019 13:18 1427 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

16-21-сентябрь күндѳрү Таласта Кѳчмѳндѳр оюну пландалган.  Бирок баштала элек. Ал эми Облустун ѳкүлүнүн маалымат катчысы фейсбук барагында мындай маалмат тараттты.

"Урматтуу мекендештер! Улуттук көчмөндөр оюндарынын спорттук иш чаралары саат 16:00дө Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында башталат ",-деп жарыялады Бакай Садыров.

Ал эми жеринде жүргѳн журналисттер ат майдандын толук даяр болбогонун кабарлашат. Алардын айтымында, курулуш техникалары иштеп жатканын, сырдап, бое иштери улантылып жатканы кѳрсѳтүлгѳн. Ошондой эле, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бул ишке тартылганы айтылат. Социлдык тармактарда толук даяр эместиги тууралуу сүрѳттѳр байма-бай жарыяланган.

Эске салсак, жакынкы күндѳрү вице-премьер- министр Алтынай Өмүрбекова даярдык имштери боюнча иш сапар менен барган.

Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyununa-talastagy-ipodrom-dayarby



Добавить комментарий