Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан алдыда келе жатат

5 сентября 2018 15:15 1257 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Көчмөндөр оюндары учурда кызуу жүрүүдө. Кыргызстандын улуттук курама командасы Көчмөндөр оюндарынын 3-күнүнүн жыйынтыгы боюнча биринчи орунга чыкты.

Учурда куржунубузда 43 медаль бар. Анын 15и алтын. Экинчи орунга Орусия командасы 24 медалы (11 алтын, 5 күмүш, 8 коло) менен чыкты. Ал эми буга чейин лидерликте келе жаткан Казакстан үчүнчү орунга жайгашып калды.

Учурда Казакстанда 32 медаль бар, анын тогузу алтын.

Белгилей кетсек, учурда 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө. Ал 8-сентябрга чейин уланат.

Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyundarynda-kyrgyzstan-aldyda-kele-zhatat



Добавить комментарий