Көчмөндөр оюндарына атаандыш оюн кошуна Казакстандан чыгат
Поделиться в:
Казакстан учурда биринчи улуттук спорт боюнча Олимпиядалык оюндарды өткөрүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу Казак Республикасынын дене тарбия жана спорт комитетинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда ЮНЕСКО 2021-жылы алгачкы этноспорт оюндарын уюштурганы жатат. Бул масштабдуу окуяга катышуучу 4 өлкөнүн катарын Казакстан, Түркия, Канада жана Түштүк Корея ээлейт. Ал эми Кыргызстан Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун азыр ЮНЕСКОнун тизмесине каттатуу аракетин көрүп жатат. Эске салсак, 2018-жылдын эсеби менен өлкөдө үчүнчү ирет аталган оюнду өткөрүү пландаштырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyundaryna-ataandysh-oyun-koshuna-kazakstandan-chygat
Добавить комментарий ×