Милициянын көчмө пункту Токмок шаарынын эли менен жолугуп, футбол боюнча мелдеш өттү

5 марта 2020 10:54 632 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан көчмө кабылдама пунктунун жардамы менен эл менен жолугушуу иштерин уюштуруу уланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Президент С. Ш. Жээнбековдун  “2020-жыл региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” аталышындагы Жарлыгына ылайык,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан демилгеленген калк менен жолугушуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан көчмө кабыл алуу пунктунун жардамы менен эл менен жолугушуу иштери уюштурулууда.

Көчмө пунктун кезектеги эл менен жолугушуусу Чүй облусунун Токмок шаарында өттү. Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги, милициянын полковниги Н. Адылова, ИИМдин КККнын башкы инспектору,  милициянын полковниги Т.Алижанов жана ИИМдин КККнын инспектору Б.Мажикеевдер катышып эл менен жолугушуу жеринде келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө маектешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө калк ичинде ар кандай зордук-зомбулук аракеттерин, үй-бүлөөлүк зомбулук жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу аталышындагы маектешүү, түшүндүрүү иштери жеринде жүргүзүлүп ага улай жаш өспүрүмдөрдүн дени сак жашоосуна, ден-соолуктарынын чың болушуна өбөлгө катары Токмок шаарынын №1, №2, №, 3 орто мектептеринин жамаатынын жардамы менен  аталган орто мектептердин 7- класстарынан 9-класска чейинки окуучулар арасында кичи футбол уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер бөлүмү тарабынан тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kchm-punktun-kezektegi-el-menen-zholugushuusu-chj-oblusunun-tokmok-shaarynda-tt



Добавить комментарий