Көпчүлүк кызыгып көргөн "Кыш сонатасы" сериалынын уландысы тартылат

7 февраля 2019 16:48 1849 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Эң алгач 2002-жылы экранга чыгып дүйнөнү дүңгүрөткөн "Кыш сонатасы" аттуу корей сериалынын уландысы тартылуу алдында турат. Бул тууралуу сериалды тарткан компаниянын өкүлдөрү кабарлашкан. 

Super.kg сайтынын чет тилинен которгон маалыматына ылайык, тартуучу топ сериалдын уланаарын билдиргени менен башкы ролдорду кайсы актерлор ойной турганын айтышкан эмес. Сериалдын уландысын тартууга Ким Ёң Су режиссёрлук кылат. Ал эми сериалдын сценарийин жазган Юн Ын Кёң менен Ким Ын Хи бул долбоордо да чогуу иштешет. Тасманын режиссёру Юн Сог Хо бул жолу тартуу иштеринен баш тарткан.

Сериалдын башкы каармандары Жунсанг менен Южиндин сүйүү баяны кыска убакыттын ичинде көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алган.

Ссылка: https://barometr.kg/kchlktn-zhrgnn-orun-algan-kyshky-sonata-serialynyn-ulandysy-tartylat



Добавить комментарий