Көчөдөн 5 миллионду таап алып ээсине кайтарган үй-бүлө квартира утуп алды
Казакстанда Алина аттуу келин лотореядан бир бөлмөлүү батир утуп алды.
“Эң таң калыштуусу анын жубайы Нурсултан 2017-жылы аскерде жүргөн кезинде көчөдөн 5 миллион теңге таап алып ээсине кайтарып бергенинде”,- деп жазды бул кубанычтуу кабарды сүйүнчүлөгөн фейсбуктун колдонуучусу Нурсерик Жолбарыс.
Ал квартиранын баасы 15 млн 500 миң теңге турарын кошумчалады.
“Дал ушул чынчылдыгы анын 15 миллион теңге турган квартира алуусуна шарт түздү го. Алган үйлөрү жаштардын бактылуу уясына айлануусуна тилектешмин”,-деп жазды Жолбарыс.
Нурсултан Амиров 28 жаштагы аскер кызматкери. Эки жыл мурда ал көчөдөн 500 евро же теңгеге айландырганда 5 миллион теңге салынган капчык таап алган. Укук коргоочулар анын ээсин аныкташкандан кийин Нурсултан капчыкты акчасы менен кайтарып берген.
Ыраазы болгон капчыкты ээси жигитке хурсталь тапанча белек кылган, эми ал аскер музейинде сакталып турат.
Ушул окуядан кийин Амировдун карьерасы жогорулап, тез арада наам да алган. Ага кошумча жаңы төрөгөн колуктусу Алина лотореядан квартира утуп алды.
Ссылка: https://barometr.kg/kchdn-5-milliondu-taap-alyp-eesine-kajtargan-j-bl-kvartira-utup-aldy
Добавить комментарий ×