Күч органынын атайын окутуулары трагедияга айланып кете жаздады.

2 июня 2018 22:45 1228 Barometr
Поделиться в:
ok

Күч органынын атайын окутуулары трагедияга айланып кете жаздады.

Күч органдарынын атайын пландалган окутуусунун негизинде, Бишкек шаарындагы Гумдун ичиндеги “Дос-Кредобанктын” улгайган кардары жан берейин деп калды.

Анткени, ал кезек күтүп турган банкка куралданган маскачандар кирип келип, андагыларды бети менен жерге жатуу буйругун берип, үндөрүн катуу чыгарышкан. Мындай билдирүүнү аталган кардар катуу капалануу менен Вечерний Бишкек гезитине кабарлаган.

Кардардын бул билдирүүсүнөн кийин редакция ИИМ өкүлөрүнө кайрылып, алар банкка куралданган каракчылар келгенде кандай чара колдонуу керек экендигинин алгаритмин иштеп чыгып жаткандыгы менен байланыштырышкандыгын жарыялашты.

Ссылка: https://barometr.kg/kch-organynyn-atajyn-okutuulary-tragediyaga-ajlanyp-kete-zhazdady



Добавить комментарий