Күч колдонуп жаш баланын унаасын айдай качкан жаран кармалды
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мыйзамсыз авто унаа айдап качкан жаранды кармады. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
2021-жылдын 22-январында болжол менен саат 04:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Фатьянов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде авто унаамды айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2000-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле кунү ошол эле даректен болжол менен жашы 45-50 курактагы белгисиз жаран арыз ээсине күч колдонуп, “Тойота Ист” үлгүсүндөгү авто унаасын мыйзамсыз тартып алып, айдап качып кеткен.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май районунун ИИБнын Тергөо кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты боюнча Бирнчи май райондук ИИБгы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/kch-koldonup-zhash-balanyn-unaasyn-ajdaj-kachkan-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×