Кыргыз-кытай чектешкен аймакта жер титиреди
Поделиться в:
Кечээ, Кыргыз-кытай чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-июнда саат 16:49да Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Ал Ош облусунун Алай районунун Эркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/kch-3-ballga-zhetken-zher-titir-kattalgan
Добавить комментарий ×