Казармалык тартипте иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сом кошумча төлөнөт
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова дарыгерлерге каралган шарттар жана алардын эмгек акысын төлөө боюнча бир катар суроолорго түз эфирде жооп берди. Ал кандай шартта иштеген дарыгерлерге акча төлөнүп бериле турганын да айтты.
“Коронавирус инфекциясы жайылган очоктордо казармалык тартипте иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сом кошумча төлөнөт”, - Исмаилова.
Анын айтымында, ошондой эле орто медперсоналга 2000 сомдон, ал эми кенже персоналга жана башка медкызматкерлерге 1800 сомдон чегерилет. Бирок төлөмдөр иш жүзүндө иштеген күндөргө жараша жүргүзүлөт.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус илдети 729 кишиге жукканы ырасталды.
Ссылка: https://barometr.kg/kazarmalyk-tartipte-ishtegen-darygerlerge-knn-2300-som-koshumcha-tlnt
Добавить комментарий ×