Казанда метептен окуучуларды аткылады деп шектелген бала 2 айга камалды

13 мая 2021 12:00 4891 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салды деп шектелип жаткан Ильназ Галявиев эки айга камакка алынды. Аталган маалыматты РИА Новости жазды. Бул тууралуу РИА Новостиге шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Баш коргоо чарасын тергөөчүлөр Казань шаарынын Совет райондук сотунан өтүнүшкөн.

“Сот Галявиев эркиндикте жүргөндө башка мыйзамсыз иштерди кылышы мүмкүн деген бүтүмгө келди. Айыбын угузуп жатканда ал эч эмоциясыз, унчукпай турду. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, күнөөсүн мойнуна алды”, — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 11-майда, Казанда 19 жаштагы бала мектеп окуучуларын көздөй ок чыгарган. Мунун кесепетинен жети бала жана мугалим көз жумган.

Ссылка: https://barometr.kg/kazanda-metepten-okuuchulardy-atkylady-dep-shektelgen-bala-2-ajga-kamaldy



Добавить комментарий