Казакстандын тургундарына аюулар кол салууда

31 мая 2018 00:05 2724 Barometr
Поделиться в:
ok

Чыгыш Казакстан облустарынын тургундары ач аюуларлан жабыркап жатышат. Алар узак уйкудан туруп алып, үйлөрдүн короосуна чейин кирип келип, мал жандыктарга кол салып жатышат, деп билдирди - «31 канал».

Жергиликтүү тургун, дыйканчылык менен алектенген Бауржан Шагатай аюлар анын короосуна 10 чакты жолу кирип, 6 бодо малын сүйрөп чыгып, үйдөн 400 метр аралыкта сөөктөрүн калтырып кеткендигин айтат. Дыйкандын баамында, аюлар эми адамдарга да кол салышы мүмкүн.

Бул көйгөйдүн чыгышынан негизги себебинин бири, аюнун кызыл китепке кирип, аларга каршы күч колдонууга тыю салынгандыгында.

Азыркы тапта, аймакта бир нече миң ую бар. Аларды атып өлтүрүүгө уруксат беилмейинче, дыйкандар жана малчылар кооптуу турмушта калып жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-turgundaryna-ayuular-kol-saluuda



Добавить комментарий