Казакстандын президенти Кыргызстанга келет
Казакстандын президенти Кыргызстанга ноябрь айында келет. Бул маалымат кечээ Нур-Султан шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Казакстандын парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушкан учурда белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тастыктады.
Жолгушууда Нурлан Нигматулин ушул жылдын ноябрь айында президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен барышы күтүтүлүп жатканын айтып, анын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланарын айтты.
Ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отуруму өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-prezidenti-kyrgyzstanga-kelet
Добавить комментарий ×