Казакстандын эки жараны Чу дарыясы аркылуу чек арадан өтүүгө аракет кылышкан

24 сентября 2020 11:26 711 Barometr
Поделиться в:
ok

Кече, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусундагы чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки жаранды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Васильевка айылынын четиндеги чек арада нөөмөттө турган аскер кызматкери Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки жаранды кармаган.

Тартип бузгандар Казакстан Республикасынын жарандары 1994-жылы туулган С.Н., жана 1964-жылы туулган М.Э. экени аныкталды.

“Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, мамлекеттик чек араны бузгандар Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди”, -деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-eki-zharany-chu-daryyasy-arkyluu-chek-aradan-tg-araket-kylyshkan



Добавить комментарий