Казакстандык журналист түз эфирде сүйлөшкөн кызынын колун сурады

31 марта 2020 16:33 1377 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын «Хабар» телеканалынын журналист Марк Брюшко түз эфирде сүйлөшкөн кызынын колун сурады.

Ал учурда Нур-Султан шаарында иштеп жатканын айтып, туулган Абай шаары карантинге жабылганын айткан. Анын сүйлөшкөн кызы Карагандада турат. Бирок шаарга кирип-чыгууга чектөө коюлгандыктан ал аны менен көрүшө албайт.

Брюшко Ноорузда кызынын колун суроону пландаганын бирок, коронавирус бардык иштерге тоскоол болгонун белгилейт.

«Мен Ноорузда колун сурамакмын. Эми качан көрүшөбүз билбейм. Андыктан кайрылуу жасоону чечтим. Юлия Волкова сен түз эфирди көрүп жатасың, билем. Мага турмушка чык! Биз эми жакын арада көрүшпөйбүз. Бирок сен менин эмнени ойлоп жүргөнүмдү билишиң керек», — деди ал.


Казакстанда коронавирустан улам ири шаарларда өзгөчө кырдаал жарыяланып, карантинге алынган.

Акыркы маалыматтар боюнча вирус 300дөн ашык кишиге жукканы тастыкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-zhurnalist-tz-efir-uchurunda-kyzynyn-kolun-surady



Добавить комментарий