Казакстандык аял фермердин үйүндө 22 жыл күң болуп жүрүп, эркиндикке чыкты
Караганда областында 22 жыл бою күң катары кармашкан аял эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Aibat.маалымат кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Караганда областынын тургуну, балдар үйүндө чоңойгон Мадина Аманбаева 40 жашынын 22 жылын эч бир укугу жок күң катары өткөргөн.Бул арада ал үч балалуу болгон. Анын айтымында бала чагында жетим калып, балдар үйүндө чоңойгон.9-классты аяктап окууга тапшырарда интернаттын тарбиячысы аны жана классташ кызын совхозго барып иштөөгө көндүргөн.
1998-жылы 16 жаштагы эки кыз Караганда областынын алыскы бир фермаларына ишке барышкан. Классташы аракет кылып качып кеткен. Мадинаны документтерин алып коюшуп, фермада болгон кара жумушту жасатышып жана сексуалдык жактан дагы күң катары колдонушкан.
“Кышында, кар күрөп, суу ташып, малдын кыгын чыгарып, жайында уй саап, бээ саап, сүт тартып болгон ишти жасадым.Таяк менен сабашчу.Кожоюндун аялы беш литрдик кайнак суу куюлган чайнек менен күйгүздү.Бир ирет жаш балам менен качтым бирок кармап алышты.Кызымды дагы чоңойгондо иштетишип, үй кызматкери кылышты. Золушкадай эле күлчү болуп, салбырап кийинип жүрдү.Кожойке аял аны да камчы менен сабачу”,-деп эскерет аял.
Андан кийин дагы Мадина эки балалуу болгон. 2020-жылы фермада Мадина сыяктуу жалчы болуп жүргөн малчынын бири качып кетип, укук коргоо органдарына аталган фермада адамдарды күчтөп кармап турушканын маалымдаган. Адам сатуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү келип Мадинаны куткарышкан. Андан соң балдарын алышып, дагы беш адамды азаттыкка чыгарышкан.
Мадинанын айтымында Шет районунда адамдарды эмгек кулчулугунда кармаган көп фермалар бар. Укук коргоо органдары жарым жылда эмгек жана сексуалдык кулчулукта жүргөн 19 адамды куткарышы.
Учурда Мадине Аманбаевага Темиртау шаарынан квартира белекке беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-ayal-fermerdin-jnd-22-zhyl-k-bolup-zhrp-erkindikke-chykty
Добавить комментарий ×