Казакстандан Кыргызстандын 5 жараны онлайн порностудияларын ачкан деген айып менен кармалды
Чымкентте Казакстандын бир нече шаарларында онлайн порностудиялардын тармагын уюштурган деген шек менен Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Poliia.kz сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, алар трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун лидери болгон.
2021-жылдын июль айында Шымкенттин криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүп жатып, онлайн аркылуу иштеген порностудияны ачыкка чыгарган.
Алты ай бою милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада Алматы, Астана жана Шымкент шаарларынын 10 тургунун кармашкан. Анын бешөө Кыргызстандын жарандары болгон.
Борбор шаарларда ижарага алынган батирлерде 10дон ашык веб-порно студиялар бар экени аныкталган. Анда 50гө жакын кыз иштеп, алардын экөө жашы жете элек кыздар болгон.
Тинтүү учурунда кармалгандардан 44 миң долларга жакын акча, маңзат, ошондой эле Алматы шаарындагы кыймылсыз мүлктөр алынган.
«Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери Кылмыш-жаза кодексинин беш беренеси боюнча, анын ичинде «Эротикалык мазмундагы буюмдарды жасоого жашы жете электерди тартуу», «Уюшкан топ түзүү жана башкаруу» беренелеринин негизинде тогуз айдан ашык тергөө жүргүзүлгөн.
Полициянын айтымында, Казакстанда бул биринчи жолу онлайн порностудия катары аныкталган.
Кылмыш ишинин резонанстуулугун эске алып, ал РИИБ менен прокуратуранын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө болгон.
Бул трансулуттук кылмыштуу топту Кыргызстандын жараны 1998-жылы туулган Алишер Шаршеналиев уюштуруп, жетектегенин белгиледи.
Сот кылмыш ишинин материалдарын иликтеп чыгып, уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алишер Шаршеналиевди кылмыш жолу менен табылган мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратты, ал эми анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылган.
Добавить комментарий ×