Казакстанда жүргүнчүлөр бараткан автобус ала салды - сүрөт

15 февраля 2020 18:18 888 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Актобе шаарында жүргүнчүлөр бараткан автобус ала салды.

Анын кесепетинен 26 киши ооруканага жеткирилген. 24 киши медициналык кароодон кийин үйүнө чыгарылса, эки киши ооруканада калган.

Полиция тергөө амалдарын баштады.

Маалыматка ылайык, такси кызматынын Volkswagen Polo машинасы менен ПАЗ үлгүсүндөгү автобус кагышкан. Анын кесепетинен автобус ала салып жолдун жээгине чыгып калган.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-zhrgnchlr-baratkan-avtobus-ala-saldy-srt



Добавить комментарий