Казакстанда өздөрүнүн уяттуу сүрөттөрүн соц тармакка тараткан кыздар кармалды
Казакстандын күч органдары интернетке порнографиялык мүнөздөгү фотоматериалдарды жайылтуу фактыларын ачыктады. Бул тууралуу Акмола облусунун полиция департаментинин расмий сайтына таянып “Барометр” которду.
Маалыматка ылайык, фейк акаунттар аркылуу өздөрүнүн уяттуу сүрөттөрүн жүктөгөн 23 жана 34 жаштардагы эки аял кармалган. Алардын жашаган жерин "Anti-Fraud" программасы аркылуу аныкташкан. Натыйжада алар Акмола облусунун жана Нур-Султан шаарынын тургундары болуп чыккан.
Шектүүлөргө карата жазык иши боюнча өндүрүш башталган. Түшүндүрүү жана эскертүү жүргүзүлүп, үйлөрүнө койо берилген.
Казакстанда эми порнографиялык материалдарды мыйзамсыз тараткадар үчүн ээн баштык беренеси менен эки жылга чейин камака алынат.
Аталган өлкөдө мындан ары соц тармактарга тыкыр көзөмөл күчөдү. “Бул деген сөз эркиндигин чектөөгө жатпайт. Интернет колдонуучулардын арасында жашы жете элек жеткинчектер да олтурат. Андыктан бул тармакты жөнгө салуу керек” , - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-zdrnn-uyattuu-srttrn-soc-tarmaka-taratkan-kyzdar-karmaldy
Добавить комментарий ×