Казакстанда өткөн фестивалда драматург Кайрат Иманалиевдин "Коркут Ата" спектакли жогору бааланды

18 июня 2018 23:00 1428 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда өткөн фестивалда драматург Кайрат Иманалиевдин спектакли жогору бааланды. Бул тууралуу Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алмата шаарында 10-16-июнь күндөрү SAMGAU VI эл аралык театр фестивалы өткөрүлүп, ага Кайрат Иманалиевдин "Коркут Ата" спектакли барып катышты. Кыргыз драма театрынын актерлору катышкан бул чыгарма калыстар тобунун атайын сыйлыгы номинациясына татыды. Фестивалда жалпы жонунан КМШ жана Европа өлкөлөрүнөн чогулган 14 театр ат салышты. Аталган спектакль буга чейин бир топ эл аралык фестивалдарга да катышып, байгелүү орундарды алып келген.

"Коркут Ата" — Коркут жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, IX кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү болгон. Коркут табияттын мыйзамына каршы туруп, эртеби-кечпи келе турган өлүмдөн качууга аракет кылат. "Коркут Ата" драмасы   дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун, акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма. . Спектаклде ал өзү издеген өлбөстүктү күүгө салып, чыгармаларында түбөлүккө калтырып, өлүмдү акыры жеңгендиги тууралуу баяндалат.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-tkn-festivalda-dramaturg-kajrat-imanalievdin-korkut-ata-spektakli-zhogoru-baalandy



Добавить комментарий