Казакстанда расмий түрдө өлүм жазасы алынып салынды

24 сентября 2020 14:53 649 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда өлүм жазасы алынып салынды. Буга чейин өлкөдө ага мораторий жарыяланган. Бул тууралуу Tengrinews.kz  агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Казакстан өлүм жазасын алып салуу боюнча эл аралык протоколго кошулгандыгы, БУУнун баш кеңсесинде тиешелүү документке Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров кол койгону маалымдалды.

Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик сессиясынын жалпы саясий дебатында сүйлөгөн сөзүндө өлүм жазасын алып салуу чечимин кабыл алганын жарыяланган.

"Бул эл аралык документке кол коюу кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу багытынын уландысы", -деп баса белгилеген Токаев.

Казакстанда өлүм жазасын колдонуу президенттин 2003-жылы тиешелүү мораторий киргизген жарлыгы менен токтотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-rasmij-trd-lm-zhazasy-alynyp-salyndy



Добавить комментарий