Казакстанда президенттин инаугурациясы өтүп жатат

12 июня 2019 12:43 865 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы Нур-Султанда өтүп жатат.  Бул тууралуу inbusiness.kz сайты кабарлады. 

Токаев өлкөнүн Конституциясына оң колун коюп «Салтанаттуу түрдө Казакстан элине кызмат кылууга, өлкөнүн Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык иш алып барууга, жарандардын эркиндигин жана укугуна кепилдик берип, жүктөлгөн жоопкерчиликти ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант берем, - деди Токаев.

 Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашев президентинин күбөлүгүн тапшырды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июнда президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктарын чыгарган. Касым-Жомарт Токаев 70,96 пайыз добуш алган. Анын талапкерлигин 6 539 715 казакстандык колдогон.



Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-prezidenttin-inauguraciyasy-tp-zhatat



Добавить комментарий