Казакстанда аба ырайынын кескин суукташынан мектеп окуучулары аралыктан окууга өтүүдө
Аба ырайынын кескин сууктап кеткенине байланыштуу Казакстанда мектеп окуучулары дистанциялык окууга өтүштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 8-декабрдан тарта аба ырайынын начарлашына байланыштуу окуучулар дистанттык окутуу форматына өтүүдө.
Казакстандын айрым облустарында аба ырайы -28 градустан -32 градуска чейин төмөндөп, кыйынчылык жаратууда.
Эске сала кетсек, буга чейин Казакстандын Экибастуз шаары -30 градус суукта жылуулуксуз калып, элдери үйлөрүн таштап, коңшу Павлодар облусуна чыгууга аргасыз болушкан. Жылуулук электр борборундагы авария дээрлик 150 миң калкы бар шаарды жылуулуксуз калтырган.
Көп өтпөй, Экибастуз шаардык ЖЭБдин участкасынын башчысы Сергей Видлог өз жанын кыйып каза болгон абалда табылган.
Добавить комментарий ×