Казакстанда 47 градус ысык болушу күтүлүүдө
Поделиться в:
Бүгүн, 1-июлда Казакстандын эки аймагында абдан катуу ысык болот. Бул тууралуу "Казгидромет" шашылыш эскертүү берүү менен кабарлады.
Метеорологдордун берген маалыматына караганда, Түркестан жана Кызылордо областтарында аба катуу ысыйт.
“1-июль күнү күндүз Кызылордо областында жана Түркестан областында 45-47 градуска ысык болушу күтүлүп жатат”,-деп кабарлашты аба ырайын алдын ала маалымдоочулар.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-47-gradus-ysyk-bolushu-ktld
Добавить комментарий ×