Казакстанда 17 жаштагы кыз коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды

29 января 2020 13:43 1586 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда 17 жаштагы кыз коронавируска шектелип ооруканага жаткырылганын өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин “Хабар 24” каналына берген маегинде айткан.

Маалыматка ылайык, кыз жакында эле Пекинден учуп келген, учурда ал балдардын шаардык жугуштуу оорулар ооруканасында.

Андан сырткары Акмола облусунда Кытайга үй-бүлөсү менен барып келгендер толугу менен ооруканага жаткарылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, дарыгерлер вирустун өлкө аймагында жайылып кетпешине аракеттерди көрүп жатат. Андан сырткары 4500 кишиге ылайыкталган орундар даярдалып, кызматкерлер атайын окуудан өтүп жатышат. Медициналык керектүү каражаттарды алуу үчүн кошумча акча бөлүндү.

Белгилей кетсек, Кытайдын Хубэй провинциясында чыккан коронавирустан акыркы маалыматтар боюнча 132 киши каза болуп, 9 миңден ашык кишиге жукту. Ал ортодо оорудан жакшы болуп ооруканадан чыккандары да жок эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanada-17-zhashtagy-kyz-koronaviruska-shektelip-oorukanaga-zhatkaryldy



Добавить комментарий