Казакстан Кыргызстанга ун, буудай киргизүүдө чектөө койду. Депутат 1930-жылдагы окуяны эстеди

1 апреля 2020 12:24 1159 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов казак тарап Кыргызстанга ун, буудайды киргизүүдө чектөө киргизгенин айтып, бул коңшулук мамилеге туура келбей турганын парламенттин жыйынында айтты.

“Казакстан унду бизге чыгарбайбыз деген чечим кабыл алыптыр. 1930-жылдары казак эли ачка калганда кыргыз эли сактап калган. Дайым кыйын мезгилде биздин кошуналар ушундай мамиле кылат. Эмне үчүн унду жабыш керек? Бизде Бажы биримдиги иштеп жатабы? Иштеген жок да. Сиздер (өкмөткө – автор.) же иштеш керек, же ушул кырдаалдан чыкканга чейин ушул режимди токтотуп, өз-өзүбүзчө оокат кылыш керек деген сунушту айтышыңар керек”, — деди депутат.

Ал ошондой эле, бизнеске эркиндик берип, чет жактан келе турчу жабдууларды эркин киргизүү керектигине токтолду.

“Унду казак туугандар бербесе башка жактан алып тиричилигибизди жасашыбыз керек. Эмне үчүн бүгүн бажы биримдигинин нормалары иштебей жатат? Демек бул иштебей турган маселе экен. Маселени кабыргасынан коюш керек. Убактылуу тиричилик бажы биримдигининде өлкөлөрдө ордуна келгенге чейин аны убактылуу токтотуп, өз алдбызча оокат кылышыбыз керек деген маселени коюу кажет”, —деди депутат.

Өз кезегинде вице-премьер Эркин Асрандиев Казакстан тарап чындап эле ун менен буудайды алып кирүүдө квота киргизип, Чоң-Капка постунан жүк ташуу режимин өзгөрткөнүн айтты.

“Ушул кезге чейин азык-түлүк маселеси күн сайын көзмөлгө алынып, Казакстандан ун буудай келип жаткан. Алар төртүнчү күнү чектөө киргизип, Кыргызстанга 30 миң тонна айына деп квота киргизди. Азыр ошол коватынн алкагында ун, буудай кирип жатат. Чоң-Капада өзгөчө режим  киргизилип, ал жакта жүк ташуу эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 19:00гө чейин болууда”, — деди Асрандиев.

Ал Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев казак кесиптеши менен сүйлөшүкөнүн айтты. Андан сырткары Россиядан 100 миң тонна буудай алуу үчүн орус өкмөтүнүн башчысына кайрылуу жолдонгонун, учурда 631 миллион сомго контракт түзүлүп, апрель майдын башында буудай келип баштарын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-kyrgyzstanga-un-buudaj-kirgizd-chekt-kojdu-deputat-1930-zhyldagy-okuyany-estedi



Добавить комментарий