Казакстан картошка, алма жана хурманы киргизүүгө уруксат берди

23 мая 2019 12:17 2734 Barometr
Поделиться в:
ok

22-майда Казакстан тарап үстүбүздөгү жылдын февраль айында кыргыз айыл чарба продукциясына убактылуу киргизилген фитосанитардык чектөөнү алуу боюнча чечим кабыл алды. Бул боюнча КРнын ТИМи кабарлады.

Мындай чечим 20-21-майда Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловдун Кыргыз Республикасына визитинде өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен болду.

Эки өлкөнүн тышкы саясат боюнча мекемелеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүндө кыргыз тарап биргелешкен соодага тоскоолдуктар тууралуу белгилеген. Ошондой эле киргизилген фитосанитардык чектөөнү жоюну суранган.

Чектөөлөр картошка, алма жана хурмага киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-kartoshka-alma-zhana-hurmany-kirgizg-uruksat-berdi



Добавить комментарий