Kazakhstan Open эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар 2 медаль жеңип алышты

26 декабря 2018 18:11 1373 Улукман Бейшеналиев
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык спортчулар киокошинкай-кан каратэ боюнча Kazakhstan Open эл аралык мелдешинде эки медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады. 

Бул мелдеш Астана шаарында өтүп, анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, жана Тажикстандан келген 400 спортчу катышкан. Кыргызстандан  мелдешке 10 спортчу катышты. 

Кыргызстандык спортчу Рауль Каиров 60 кг чейинки салмакта үчүнчү орунду ээледи. Ал эми 85 кгдан ашык салмак чениндеги финалдык таймашта кыргызстандык спортчу Айдын Махмудов казак спортсмени менен кез келип, мыкты өнөрүн көрсөтүп жеңишке жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakhstan-open-el-aralyk-meldeshte-kyrgyzstandyk-sportchular-2-medal-zheip-alyshty



Добавить комментарий