“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл кармалды

8 декабря 2022 14:04 857 Barometr
Поделиться в:
ok

“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ош шаарынан “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармалды.

“11-ноябрына караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде бир нече адам эки жигитти  бычак менен коркутушуп, сабашып, андан соң кылмыш болгон жерден изин жашырып кетип калышкан. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон 41 жаштагы жаран өзүнүн шериги 37 жаштагы Б.С. менен Ош шаарынын аймагынан кармалышты.

Кармалган жарандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/kazak-kajmana-aty-menen-belgil-bolgon-krimtbl-karmaldy



Добавить комментарий