Казак басылмалары Жээнбеков Назарбаевге жүз жыл мурда жасалган самоор белек кылганын жазышты
Бөлүшүү:
Казакстандык басылмалар Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков коңшу Казак лидери Нурсултан Назарбаевге өзгөчө самоор белек кылганын жазышты.
Коңшу өлкөнүн басылмалары Жээнбеков тарабынан берилген белек Казакстандын президентинин алдындагы китепканага экспонат катары өткөрүлгөнүн жазышкан. Мындан тышкары басылмалар белекке берилген самоор 100 жыл мурда өзгөчө эмгек менен Орусияда жасалганына маани беришкен.
Белгилей кетсек, Жээнбеков бул белекти кесиптешине Астана шаарынын туулган күнүнө карата берген.
Добавить комментарий ×