Каза болгондордун саны 920 га жетти. Ооганстанда күчтүү жер титирөө болду

22 июня 2022 16:40 3168 Barometr
Поделиться в:
ok

Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 920га жетти. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 920 адам каза болуп, 610 киши жаракат алган.

Жер титирөө түн ичинде болгон. Пактика провинциясынын Гаян уездинде бир кыштак толугу менен талкаланып, Хост провинциясынын Спур уездинин Дандаки кыштагында оор жоготуулар болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, Пактика, Пактия, Хост, Лагман, Газни, Логар жана Кабул провинцияларында болгон жер титирөөнүн күчү 6,1 баллга жеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/kaza-bolgondordun-sany-920-ga-zhetti-ooganstanda-kcht-zher-titir-boldu



Добавить комментарий