Каза болгон прокурорго бериле турган 21 млн сом. Президент бул маселени изилдеп чыгууну тапшырды

17 мая 2023 10:33 302 Barometr
Поделиться в:
ok

Садыр Жапаров буга чейин коомчулукта кызуу талкуу жараткан
укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалыматта, компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилгени айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин, кызмат өтөө учурунда каза болгон прокурорго мамлекет тарабынан 21 млн сом бөлүнүп берилиши коомчулуктун нааразы пикирин жараткан. 



Ссылка: https://barometr.kg/kaza-bolgon-prokurorgo-berile-turgan-21-mln-som-prezident-bul-myjzamdy-kajra-karap-chyguunu-tapshyrdy



Добавить комментарий