Каза болгон "бейиштеги апасына" кат жазган кыз 2 күндөн кийин андан жооп алган

8 апреля 2019 13:56 6731 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Шотландиялык Элла Лентон аттуу кичинекей кыздын апасы рактын акыркы баскычынан улам каза болгон. Элла болгону 4 жашта болгондуктан апасын сагынып аябай кыйналган. Ага кошумча атасы да жубайын жоготкондон кийин катуу депрессияга кабылган.

Кызы апасын сагынып энелер кунүндө апасына арнап кат жазып аны почта аркылуу жөнөткөн. Катта секелек кыз апасын канчалык жакшы көрөөрүн жана сагынганын жазган. Ал катты алуучунун дарегин жазган жерге “Бейиштеги апама” деп жазган. Каттарды ээсине жеткирүүчү почтальон бул окуядан аябай таасирленген. Өкүнүчтүүсү почта кызматы бейишке каттарды жеткире албайт эмеспи. Бирок кат ташыгыч бул кырдаалдан чыгуунун жакшы жолун ойлоп тапкан.

Эки күндөн кийин Эллага “бейиштеги апасынан” жооп кат келген. Апасы кичинекей кызына жооп кылып жакшы көрөөрүн, сагынганын жана ал келечекте мээримдүү, акылдуу кыз болуп чоңоёруна ишенээрин жазган. Ага кошумча апасы дайыма асмандан карап колдоп тураарын айткан.

Элланын апасынын сиңдиси Линда Росс өзүнүн твиттердеги баракчасынан окуя тууралуу баяндап мээримдүү почтольонго ыраазычылык билдирген. Билдирүунү кыздын атасы да колдоого алып рахматын айткан. Ал өз сөзүндө дүйнөдө балдарды мындай кыйын учуларда кантип бактылуу кылуу керек экендигин билген акылдуу адамдар көп экендигин белдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/kaza-bolgon-bejishtegi-apasyna-kat-zhazgan-kyz-2-kndn-kijin-andan-zhoop-algan



Добавить комментарий