Ошто каза болгон актриса Нурия Алимбаеванын аркасында кызы калды
Кечээ 12- ноябрда актриса Нурия Алимбаева каза болду. Ал Ош улуттук драма театрынын актрисасы. Нурия Алимбаева узакка созулган оорудан улам көз жумду. Анын каза болгонун кесиптештери социалдык тармактарга жазышты.
Нурия Алимбаева 41 жашында кѳз жумду. Маркумдун артында 1 кызы калды.
«Сахнада, тасмаларда жараткан образдары, шаардык, республикалык, эл аралык иш-чаралардагы алып баруучулук чеберчилиги менен кыргыз маданиятында орду бар инсан эле. Ал боорукер, мээримдүү болчу. Бул оор жоготуу», - деп эскерет Ош улуттук драма театрынын актёру Топчубай Досбаев.
Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 13-ноябрда саат 14:00дө Кара-Суу районунун Мамажан айылында өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kaza-bolgon-aktrisanyn-arkasynda-kyzy-kaldy
Добавить комментарий ×