Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт
2019-жылдын 31-декабрында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 27-декабрь күнү телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.
Ссылка: https://barometr.kg/katuu-zhaan-chachyn-zhaagan-ubakta-unaa-zholdordo-kr-aralygy-tmndjt
Добавить комментарий ×