Катуу ысыктан улам “Тазалык” шаардын жолдорун ар бир саат сайын жууп турмай болду

2 июля 2019 09:55 2078 Barometr
Поделиться в:
ok

Катуу ысыктан улам “Тазалык” шаардын жолдорун ар бир саат сайын жууп турмай болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган маалыматка таянсак, учурда линияда сегиз суу чачуучу унаа иштеп жатат. Ишкана борбордун көчөлөрүн түн ичинде жууп чыгууну дагы улантууда. Көчөлөрдү жууп чыгуу түнкү саат 02.00-03.00дөрдө башталып таңкы саат 07.00гө чейин уланууда.

Мэрия ысык мезгилде коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/katuu-ysyktan-ulam-tazalyk-shaardyn-zholdorun-ar-bir-saat-sajyn-zhuup-turmaj-boldu



Добавить комментарий