Катуу суукта териге кам көрүү үчүн кеңештер

26 января 2022 11:42 1795 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыш - терини чыныгы сыноодон өткөрүүчү мезгил. Ошондой катуу сууктан теринин жаштыгын жана саламаттыгын сактоо үчүн туура кам көрүү зарыл. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Суукта бетти туура тазалоо керек

Суук учурунда спирт кошулган тоник, антибактериалдык гел жана көбүк колдонуу бетти кургатат. Өтө эле зарыл болгон учурда курамында 30 пайыздан төмөн спирт кошулганын тандаңыз. Кышкысын макияжды өчүрүүгө косметикалык сүтчө же каймак, термалдык суунун негизиндеги лосьон колдонгон оң. Ошондой эле ромашка, череда, шалфейдин маңызын колдонуңуз.

Кышыкы маска

Сөзсүз түрдө. Анткени бул учурда тери азыктандырууга абдан муктаж болот. Масканын курамында май, жумуртканын сарысы, быштак жана витаминдер болуусу керек. Бул каражаттарды териңиздин түрүнө жараша колдонуңуз.

Кышында териге кам көрүү үчүн кеңештер:

Эшикке чыкканда алгач колуңуз менен бетиңизди жаап алыңыз, тери температура алмашканына акырындан көнүшү керек.

Керек болсо эң күчтүү суукта да бетти моюн орогуч менен жаппаңыз, анткени ал дем алгандан кийинки нымды кармап калып, беттин терисин үшүккө урдурат.

Жылуу жайга киргенде дароо ысык жерге олтурбаш керек, өзгөчө кондиционер же ачык оттун жанына. Ал сууктан ансыз деле кургап калган териңизди ого бетер кургатат.

0дөн төмөнкү температурада бетке кургак косметикадан макияж жасаганча майлуу румяна, суюк подводка жана майлуу тень колдонгонуңуз жакшы. Көчөгө чыгардын алдында бетке үбөлөнмө упадан жука сүйкөп коюңуз.

Ссылка: https://barometr.kg/katuu-suukta-terige-kam-kr-chn-keeshter



Добавить комментарий