Булак: Каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов кызматтан кетти

13 февраля 2020 09:29 607 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов кызматынан бошотулганын ишенимдүү булактар билдирди.

Мамбетов эмнеден улам отставкага кеткени боюнча азырынча расмий түшүндүрмө жок.

Алмаз Мамбетов Каттоо кызматынын башчысы болуп былтыр апрелде дайындалган. Ага чейин ал Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеп келген.

Мамбетов Каттоо кызматына келгенден кийин бир нече чуулгандуу иштердин чордонунда болгон. Атап айтканда ага окшош киши айдап бараткан "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаа "Коопсуз шаардын" камераларына ылдамдыкта айдаганы үчүн түшүп калган. Андан сырткары айдоочу жанындагы аялдын көкүрөгүнө колун салып жатканын көрүүгө болот. Өз кезегинде Мамбетов тарап кеткен сүрөттөгү киши ал эмес экенин бул учурда ал башка жакта болгонун билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/kattoo-kyzmatynyn-bashchysy-almaz-mambetov-kyzmattan-ketti



Добавить комментарий