"Каталардан сабак алабыз" Валентина Шевченкону Ошто жоолук салып тосуп алышты

9 апреля 2019 16:04 4639 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-апрелде UFCнин чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына барды. Мушкерди Ош аэропортунан шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык спорт комитеттин өкүлдөр жана спортчунун күйөрмандары жогорку деңгээлде тосуп алышты. Чемпион менен чогуу анын машыктыруучусу Павел Федотов, апасы Елена Шевченко жана “Кулатуу Эртаймаш ММА” президенти Руслан Кыдырмышев учуп келди.

Таалайбек Сарыбашов мушкерди чемпиондук наамы менен куттуктап кыргыздын оймолору түшүрүлүп аялдар үчүн тигилген улуттук кийим кийгизип башына ак жоолук салды.
Өз учурунда Валентина Шевченко Ош шаарында жылуу тосуп алгандарга жана күйөрмандарына ыраазучылыгын билдирген.

“Ош шаарына акыркы жолу 2000-жылы келгенмин. Кыргызстанга келгенден кийин Ошко келбей коё албадым. Анткени бул жерде аралаш мушташтын күйөрмандары абдан көп”,-деди Шевченко.

Ага кошумча мушкер Ош облусунда атайын журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Эске салсак, мушкердин күйөрмандары кечээ, 8-апрелде жолугушуу учурунда ак калпак кийгизип чепкен жапканы көпчүлүк интернет колдонуучуларынын кыжырын келтирип уюштуруучулар сынга кабылган эле. Бүгүн ак жоолук салып тосуп алган мэрдин дарегине жакшы пикирлер айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/katalardan-sabak-alabyz-valentina-shevchenkonu-oshto-zhooluk-salyp-tosup-alyshty



Добавить комментарий