Кат жаздың мага катасы толтура. Төраганын Абылгазиевге жазган каты талкуу болууда
Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдогон каты толтура катасы менен жазылганы тарап, коомчулукта талкуу жаратты.
Кат кыргызча дагы, орусча дагы каталары менен жазылган. Ошондой эле чыгыштама номери жана мөөрү коюлган. Бирок, бул кат фотошоп болуп калышы дагы мумкүн деген ача пикирлер сындар менен кошо айтылууда.
Негизинен мамлекеттик кызматта мындай каттарды катчылар жазып, жетекчи кол коеру белгилүү. Бул тууралуу Barometr.kg сайты Жогорку Кенештин маалымат кызматына чалып байланышканда, учурда окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн каттын түп нускасы изделип жатканын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/kat-zhazdy-maga-katasy-toltura-traganyn-abylgazievge-zhazgan-katy-talkuu-boluuda
Добавить комментарий ×