Кашкар Жунушалиев: "Айеркен Саймаити издѳѳдѳ болгон"

13 ноября 2019 15:34 4078 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 13- ноябрда парламент жыйынында Кашкар Жунушалиев Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитиге 2017-жылы Кыргызстанда Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөдө болгон деп билдирди.

« Айеркен Саймаитиге 2017-жылы өзүнүн өнөктөшү, кытай жаранынан 3 млн. 28 миң 168 доллардан турган товарды жана акчаны алдап кеткен факты боюнча, Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган», -деди ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

Ссылка: https://barometr.kg/kashkar-zhunushaliev-ajerken-sajmaiti-izdd-bolgon



Добавить комментарий