Каржы министринин орун басары болуп Абдыбалы тегин Суеркул дайындалды
Поделиться в:
Кыргызстандын Финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков жумуштан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Анын ордуна Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Эскерте кетсек, Мирлан Байгончоков бул кызматта 2010 жылдан бери иштеп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/karzhy-ministrinin-orun-basary-bolup-abdybaly-tegin-suerkul-dajyndaldy
Добавить комментарий ×