Карышкыр эне менен балага кол салган. Казакстанда болгон окуя

2 февраля 2021 13:18 1316 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Курчум районунда карышкыр айылга кирип келип, эне менен балага кол салган. Бул тууралуу Tengrinews.kz. сайтына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Окуя 30-январь күнү кечинде болгон. Маралды айылынын тургуну Асем Бейсултанова короодо мал жайлап жүргөн. Ал учурда аялдын жанында уулу да бар болчу. Бул учурда күтүлбөгөн жерден карышкыр короого кирип келип, адамдарга кол салган.

Ачуу кыйкырыктан улам үйдүн ээси чуркап чыккан. Карышкыр  кишини көздөй чуркап тап бере баштаган, бирок анын колундагы айры бар болгон. Алар  айры менен карышкырды жарадар кылганга жетишишкен.

"Тез жардам чакырылып, жабырлануучулар Курчум шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилип, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Аялдын колун тиштеп алган жана 8-класста окуган жигиттин буту тытылып жаракат алган", - деди Курчум облусунун акими Фархат Ожикенов.

Анын айтымында, учурда жабырлануучулар дарыгерлердин көзөмөлүндө, карышкыр жок кылынып, атайын мал көрүстөнүнө көмүлүп, жаныбардын башы экспертизага жөнөтүлгөн. Эми малдын кандайдыр бир оорулары бар-жогун аныкташ керек.

Маралды айылында карышкырлардын пайда болушу сейрек эмес. Бул конуш башка айылдардан кыйла алыс жайгашкан, ал эми үйлөр жана чарбалык курулуштар тоого жакын болгондуктан, бул жерге ачка жаныбарлар көп келишет.

Фархат Ожикеновдун айтымында, бул аймакта жапайы жаныбарларды атуу көптөгөн тоолор менен капчыгайларга байланыштуу өтө катаал.

Ссылка: https://barometr.kg/karyshkyr-ene-menen-balaga-kol-salgan-kazakstanda-bolgon-okuya



Добавить комментарий